“Дастан” ААКнын экинчи кабатында өрт чыгып, бир адамдын жансыз денеси табылды

Бүгүн, 22-ноябрда таңкы саат 05:00 чамасында “Дастан” ААКнын экинчи кабатындагы бир бөлмөдө өрт чыккан. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Нурлан Ташманбетов билдирди.

Анын айтымында, бөлмөдөгү 30 чарчы метр жыгач пол жана кийим-кече күйүп кеткен. Өрт тууралуу маалымат өрт өчүрүүчүлөргө 05:48де келип түшкөн. Тилсиз жоо 07:04тө толугу менен өчүрүлгөн. Ошондой эле бөлмөнүн ичинен жашы 35-40 чамалуу адамдын сөөгү табылган.  Учурда  өрттүн келип чыгуу себеби жана каза болгон адамдын аты-жөнү такталууда.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан