Бүгүн, 16-февралда Пекин шаарында өтүп жаткан XXIV кышкы Олимпиада оюндарында кыргыз спортчусу Максим Гордеев жарышка түштү.
Слалом боюнча Олимпиадага катышкан Максим Гордеев 81-катар сан менен жарышка түшүп, тилекке каршы, башталганда эле жыгылып түшүп, андан ары жүрүшүн уланта албай калган.
Кийинчерээк Максим Гордеев Олимпиададагы жүрүшү тууралуу үн катты. Айтымында, машыгуу учурунда бутун оорутуп алган.
"Машыгуу учурунда сол бутумду оорутуп алгам. Эртең менен мага ыңгайсыз болуп жаткан. Бирок мелдешке чыкканда оорум басаңдайт го деп ойлогом. Мен аралыктын биринчи бөлүгүн өткөндө бутум ооруп, андан аркы кайрылыштарды өтүүгө мүмкүнчүлүк бербей койду. Бутум денемдин салмагын көтөрө албай жыгылдым. Биздин өлкөнүн жарандары ынтымактуу экенибизге кубанычтамын. Мен тапшырманы аткара албай калдым. Бүгүн менин күнүм эмес экен", - деди Гордеев.