Алгачкы Олимпиадасы, карьерасы, улуту, допинг... Бүткүл дүйнөнүн көңүлүн өзүнө буруп жаткан Камила Валиева тууралуу кызыктар

Акыркы күндөрү орусиялык 15 жаштагы көркөм муз тебүүчү Камила Валиева башынан өткөрүп жаткан мындай стрессти өспүрүмдөрдүн бири да башынан өткөрбөсө керек. Бул кыз Пекин Олимпиадасында миллиондогон көрүүчүлөрдүн, анын ар бир кыймылын тартып турган камералардын жана журналисттердин көптөгөн суроолорунун алдында күн өткөрүүдө.

Жакынкы убактарда Олимпиадалык пьедесталга кимдер көтөрүлөрүн жана сыйлык тапшыруу аземи дегеле өтөр-өтпөсүн билебиз. Анткени Эл аралык Олимпиада комитети Камила Валиева медалдардын бирин утса, сыйлоо аземи болбой турганын билдирген. Камила Валиева эртең, 17-февралда муз үстүнө чыгат.

Карьерасынын башталышы

Камила Валиева муз үстүндө бийлөө боюнча 3 жарым жашынан баштап машыга баштаган. 2012-жылы анын үй-бүлөсү Казань шаарынан Москвага көчүп барып, Валиева машыгуусун Москвада уланткан. Камила 2019-2020-жылдагы сезондо өзүн эл аралык мелдеште алгачкы жолу көрсөткөн. Анда ал Францияда өткөн "Junior Grand Prix" турнирине катышып, ал жерде жыгылып кеткендиктен кыска программадан кийин үчүнчү орунду ээлеген. Бирок ага карабастан жалпы 200,71 упай менен турнирде жеңүүчү аталган. Муну менен ал 200дөн ашык упай топтогон тарыхта төртүнчү жаш спортчу болгон.

Мындан тышкары бир топ эл аралык мелдештерде жеңүүчү аталып, 2022-жылы Орусиянын чемпиону болгон.

2022-жылдын январь айында ал Таллинде өткөн Европа чемпиондугунда өнөрүн көрсөткөн. Анда Валиева кыска программада 90,45 упай топтоп, дүйнөлүк рекорд менен жеңишке жеткен. Эркин коньки тебүүдө ал 168,61 упай топтоп, чемпиондукту жеңип алган.

Улуту

Улуту боюнча Камила Валиева татар. Жөнөкөй жашоодо өз элинин салтын карманып, улуттук ашкананын тамактарын жактырат. Ал өзү туулуп өскөн Казань шаарына ар дайым барып турат.

Алгачкы Олимпиада

Пекин шаарында өтүп жаткан Олимпиада Валиеванын алгачкы Олимпиадасы. Олимпиадада Валиева командалык мелдеште чемпион аталды. Ал эки программаны тең жеңип, Орусиянын командасынын жеңишине максималдуу салымын кошту.

"Бул бала кездеги кыялым болчу, үч жашымдан баштап апама Олимпиада чемпиону болом деп айтып келчүмүн. Мына эми кыялым орундалды. Эми дагы бир кыялымды ишке ашыруу үчүн иштейм", - деген чемпион болгондон кийинки билдирүүсүндө.

Допинг чыры

2022-жылдын 9-февралында Камила Валиева 2021-жылдын декабрь айында Олимпиадага чейин эле шектүү допинг-тесттен өткөнү кабарланды. Допинг-тест анын денесинде тыюу салынган зат бар экенин көрсөткөн. Анын допинг-тестинде стенокардия оорусунун алдын алууда колдонулуучу триметазидин препараты табылган. Шектүү тест табылганына байланыштуу Эл аралык Олимпиада комитетинин (ЭОК), Эл аралык коньки тебүү союзунун (ISU) жана Дүйнөлүк антидопинг агенттигинин (WADA) Олимпиаданын командалык турниринин сыйлыктарын тапшыруу аземин жылдырган.

Кийинчерээк спорт арбитраждык соту Камила Валиеванын маселесин 7 саатка чукул карап, Эл аралык Олимпиада комитетинин (ЭОК), Эл аралык коньки тебүү союзунун (ISU) жана Дүйнөлүк антидопинг агенттигинин (WADA) кайрылуусун четке каккан. Сот Валиевага Олимпиада оюндарында жеке мелдешке катышууга уруксат берди.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
alimbek94
2022-02-17 12:08:56
Мыкты, кереметтуу кыз экен
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан