Баткен облусунда уурдалган унаа табылды

Баткенде жоголгон унаа табылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Баткен районунун Кара-Бак айылынын 37 жаштагы Н.Б. аттуу тургуну короосуна токтотуп койгон Honda Stepwgn унаасын белгисиз адамдар айдап кеткендигин билдирип арыз менен кайрылган.
Бул арыз Баткен РИИБине катталып, териштирүү иштеринин жүрүшүндө Honda Stepwgn унаасы табылган. Аны айдап качкан делинип Кара-Бак айылынын А.А. аттуу тургуну кармалды.
Азыркы күндө унаа өз ээсине кайтарылып, кармалган жаран тергөөгө жеткирилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Asmat84
2022-02-16 21:52:08
Ай акылы кыска уурулар. Эмне ошол унааны уурдап барып сатам дедиңби? Же запчаст кылам дедиңби? Азыркы заманда ууру болуш оңой эмес.
+1
patriot_doni
2022-02-17 08:23:12
Жаш бала уурдаган 12-13 жашта.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан