Ысык-Көлдө 7 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду

Былтыр Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кубакы ашуусунда 7 адам каза болуп, 12 жаран жаракат алган жол кырсыгы катталган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгонун ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда тергөө кызматы тарабынан ар тараптуу иликтөө иштери жүргүзүлүп, соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

"Иштин бардык жагдайлары иликтенип бүткөндөн кийин каргашалуу кырсыктын күнөөкөрлөрүнүн аракеттерине да, облустук тергөө бөлүмдөрүнүн иштерине да укуктук баа берилет. Тергөөнүн чоо-жайы жана жыйынтыгы иликтөө иштери расмий аяктагандан кийин жалпыга маалымдоо каражаттарына берилет", - деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 17-август күнү Хово үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын тормозу Боом капчыгайынан иштебей калган. Натыйжада аталган унаа жолдун каршы тилкесине чыгып, Кубакы ашуусуна чыгып бара жаткан Мерседес-Бенц-Спринтер үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 7 адам каза болуп, 12 жаран жаракат алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан