Баткенде кийим-кече уурдоого айыпталып бир нече өспүрүм кармалды

Баткен шаарында уурулукка шектелип өспүрүмдөр кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен шаарында жайгашкан соода түйүндөрүнөн 14-февраль түнү белгисиз адамдар тарабынан сатыкта турган кийим-кечелер уурдалгандыгы боюнча милицияга 3 арыз түшкөн.
"Ууру" рейддик иш-чарасынын жүрүшүндө Баткен районунун Чоң-Талаа, Кара-Бак, Айгүл-Таш, Согмент айылдарынын тургундары аталган уурулукка шектелип кармалды.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалган жарандар өспүрүм экендиги аныкталып, уурдалган буюмдардын жалпы чыгымы такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан