
Ысык-Көл облусундагы Каракол-Эңилчек унаа жолунун 42-чакырымында кар көчкү түштү. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Алдын ала маалымат боюнча, болжол менен түшкөн кар көчкүнүн туурасы 8 метр, бийиктиги 1,5-2 метр 3500-400 метр кубду түзөт.
Азыркы убакта тазалоо иштери жүрүүдө, тартылган техника бир даана погрузчик.
Учурда унаа жол бир тараптуу ачык. Жабыркагандар жок.