Баткенде окуучулардын чөнтөк телефондорун тартып алууга шектелген өспүрүм кармалды

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында чөнтөк телефондорду тоноого шектелген өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаарындагы билим берүүчү мекемелеринде билим алып жүргөн өспүрүмдөрдүн колдонуп жүргөн чөнтөк телефондорун белгисиз жаран коркутуу жолу менен тартып алып жүргөндүгү боюнча 3 ата-энеден арыз келип түшкөн.

Кызыл-Кыя ШИИБинин милиция кызматкерлери Кызыл-Кыя шаарынын Орто-Кыштак участкасынын 16 жаштагы Э.И. аттуу өспүрүмдү аталган кылмышка шектүү катары кармашкан. Азыркы күндө кармалган өспүрүм тергөөгө алынып келип, тартып алган телефондор өз ээлерине кайтарылды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан