Кытайдын баш калаасы Пекинде өтүп жаткан XХIV кышкы Олимпиада оюндарынын бүтөрүнө саналуу гана күндөр калды. Аталган ири спорттук иш-чарага өлкөбүздүн атынан жалгыз спортчу Максим Гордеев катышты. Мекендешибиз кечээ, 16-февралда тоо лыжа спортунун слалом дисциплинасы боюнча жарышка чыкты. Бирок алдыдагы тоскоолдуктарды айланып өтүүдө жаза басып, марага чейин жетип бара алган жок жана мелдештеги жүрүшүн токтотууга мажбур болду. Муну менен Кыргыз өлкөсү эгемен тарыхындагы сегизинчи кышкы Олимпиадасын жыйынтыктады. Буга чейин дүйнөнүн эң беделдүү спорттук мелдешинде өлкө намысын кимдер талашкан жана кандай жетишкендиктерге ээ болгон? Анда тарыхка чогуу назар жүгүртөбүз...
Лиллехаммер Олимпиадасы (1994)
Кыргыз өлкөсү эгемендүүлүк тарыхында эң алгач 1994-жылы Норвегиядагы Лиллехаммер шаарында өткөн XVII кышкы Олимпиада оюндарына катышкан. Анда өлкө намысын жалгыз биатлончу айым Евгения Роппель коргогон. Ал учурда 17 гана жашта болгон мекендешибиз биатлон боюнча спринттик жарышта 66-орунду, жекелик жарышта 67-орунду камсыздаган. Дагы бир кызыктуу маалымат Лиллехаммер Олимпиадасынын ачылыш аземинде Улуттук курама команданын мүчөлөрү барбагандыктан желекти котормочу Торкель Энгеннес көтөрүп чыккан.
Нагано Олимпиадасы (1998)
1998-жылы кышкы Олимпиаданы Япониянын Нагано шаары өткөргөн. Анда да мекенибиздин атынан жалгыз биатлончу Александр Тропников катышкан. Биатлондун эки түрү боюнча күчүн сынаган спортчубуз спринттик жарышта 65-орунга ээ болгон. Ал эми жекелик жарышта кыйла жакшы жыйынтык көрсөтүп, жалпы эсепте 35-катарга жайгашкан.
Александр Тропников (оң жакта)
Солт-Лейк-Сити Олимпиадасы (2002)
Эл аралык мелдештер ошол жылдарда өлкөдөгү кышкы спорт түрлөрүнүн аз да болсо өнүгүшүнө түрткү болгону байкалат. Буга далил катары 2002-жылы АКШнын Солт-Лейк-Сити шаарында өткөн кезектеги кышкы Олимпиада оюндарын айтсак болот. Аталган спорттук иш-чарада өлкө намысын тарыхта алгачкы ирет 2 спортчу коргогон. Алар биатлончу Александр Тропников жана трамплинден секирүү боюнча Дмитрий Чвыков.
Карьерасында 2-ирет Олимпиадага катышкан Александр Тропников бул жолу да биатлон спортунун спринттик жана жекелик жарыштарына чыгып, тилекке каршы, ийгилик жарата алган эмес. Ал аталган 2 дисциплинада 73 жана 77-орундарга ээ болгон.
Ал эми Дмитрий Чвыков трамплинден секирүү спортунун 2 түрүнөн намыс талашып, 39 жана 41-орундарды камсыздаган. Солт-Лейк-Сити Олимпиадасы Дмитрий Чвыков үчүн да экинчи Олимпиада болчу. Ал ага чейинки Нагано Олимпиадасында Казакстандын атынан катышкан.
Турин Олимпиадасы (2006)
2006-жылы Кыргыз өлкөсү Италиянын Турин шаарында эгемен тарыхындагы төртүнчү кышкы Олимпиадага катышты. Анда намысты тоо лыжачы Иван Борисов коргогон. Ошол кезде 26 жашта болгон мекендешибиз алгач тоо лыжа спортунун гиганттык слалом түрүнөн жарышка чыгып, жалпы жыйынтыкта 41-орунга илинген. Ал эми экинчи аракетинде слалом түрүнөн күчүн сынап, 81 спортчунун ичинен 59-катарга жайгашкан. Муну менен кийинки баскычка өтө албай, Олимпиададагы жүрүшүн токтоткон.
Ванкувер Олимпиадасы (2010)
2010-жылы Канададагы Ванкувер Олимпиадасында бир спорт түрүнөн 2 мекендешибиз намыс талашкан. Алар лыжа спортунун өкүлдөрү Дмитрий Трелевский жана Ольга Решеткова.
Дмитрий Трелевский тоо лыжасынын 2 түрүнөн мелдешке чыккан. Ал гиганттык слаломдо 76-орунду ээлесе, слалом түрүнөн марага чейин жетип бара алган эмес.
Ал эми Ольга Решеткова лыжа жарышында марага 54-болуп келип, квалификациялык баскычтан чыкпай калган.
Сочи Олимпиадасы (2014)
Дмитрий Трелевский 2014-жылы Орусиянын Сочи шаарында өткөн Олимпиада оюндарында кайрадан намыс талашмак. Ал лицензиялык мелдештерде мыктылыгын көрсөтүп, экинчи ирет кышкы Олимпиадага катышууга мүмкүнчүлүк алган. Бирок ага жетпей оор жаракат алып калгандыгына байланыштуу анын ордуна 19 жаштагы (ошол кезде) спортчу Евгений Тимофеев катышкан. Мекендешибиз тоо лыжасынын гигантык слалом түрүн 61-катарда, ал эми слалом түрүн 41-орун менен жыйынтыктаган.
Пхёнчхан Олимпиадасы (2018)
2018-жылы кышкы Олимпиаданы Түштүк Корея өлкөсү кабыл алды. Пхёнчхан шаарында өткөн оюндарга өлкө атынан 2 спортчу, Евгений Тимофеев менен Тариэл Жаркымбаев катышкан.
Мелдеште тоо лыжасынын слалом жана гиганттык слалом түрү боюнча намыс талашкан Евгений Тимофеев жалпы жыйынтыкта 40 жана 63-орундарга илинген.
Ал эми Тариэл Жаркымбаев 79 спортчу катышкан спринттик жарышта 78-болуп марага жеткен.
Жыйынтыктап карай турган болсок, артта калган 8 Олимпиадада жалпы 9 мекендешибиз өлкө намысын коргогон. Алардын ичинен экөө айым спортчу болсо, калган жетөө мырзалар.
Ал эми спорт түрлөрүнөн алып караганда, 3 ирет биатлон жана тоо лыжасынан, 2 ирет лыжа жарышынан жана 1 жолу трамплинден секирүү спортунан ат салышканбыз.
Ошондой эле эгемен тарыхыбыздагы алгачкы кышкы Олимпиада оюндарына өлкөбүздү айым спортчу Евгения Роппель баштап чыккан.
Тарыхтагы эң жакшы жыйынтыкты 1998-жылы Нагано Олимпиадасында Александр Тропников көрсөткөн. Ал биатлон боюнча жекелик жарышта 35-орунду камсыздаган.
2026-жылдагы ХXV кышкы Олимпиада Италиянын Милан жана Кортина-д Ампеццо шаарларында өтөт.