Ысык-Көл облусунда аскада калган койчу куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 16-февралда Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Дархан айылынын “Ак-Жар” жайлоосунда болгон.
Анда 47 жаштагы А.А. аттуу киши кой жайып жүрүп, жарга чыгып өз алдынча түшө албай калгандыгы тууралуу маалымат 102 кызматына түшкөн.
Окуя болгон жерге куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн 6 куткаруучусу тартылып, аталган жаранды жардан түшүрүп "Тез жардам” кызматына өткөрүп беришкен.