Чүй облусунун Сокулук районунда өспүрүмдү талап-тоногондор аныкталды. Облустук ички иштер башкы башкармалыгынан белгилешкендей, шектүүлөр рейддик иш-чаранын жүрүшүндө кармалды.
Маалыматка караганда, 2-февралда Сокулук РИИБине 1974-жылы туулган А.А. аттуу жаран кайрылган. Ал жашы жете элек баласына карата күч колдонуп, ачык эле уюлдук телефонун алып качып кеткендерге карата тиешелүү чара көрүүнү өтүнгөн.
Бул факты 206-беренеде каралган кылмыштардын белгилери (талап-тоноо) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө амалдары башталган.
"Ууру" аталышындагы рейддик иш-чаралардын алкагында шектүү катары 1990-жылы туулган Т.Ы. жана 1997-жылы туулган Ж.Б. аттуу жарандар кармалды. Учурда шектүүлөр Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда", - дешти маалымат кызматынан.