Кант шаарындагы мектептин тосмосунун бир бөлүгүн уурдап кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Ысык-Ата РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Кант шаарында жайгашкан мектептердин биринде темир тосмонун бир бөлүгү уурдалгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 31 жаштагы жаран кармалган.
"Алдын ала маалымат боюнча, шектүү тосмону темир алуучу жайга өткөрүү үчүн уурдап кеткен. Кармалган жарандын ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар же жогу текшерилүүдө", - деп билдиришти Чүй ОИИБинен.