Бири 17, экинчиси 19 жашта болгон. Ош облусунда адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды

Ош облусунун Кара-Суу районунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 2 адам каза болуп, дагы экөө жаракат алды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, кырсык 16-февралда Ташлак айылында орун алды.

"Жигули жана Нива унаалары сүзүшүп, кырсыктын кесепетинен 4 эркек киши жабыркаган. Алар 1976-жылы туулган Б.И., 2003-жылы туулган Н.М., 2005-жылы туулган А. уулу А. жана А.У. (туулган жылы такталууда).

Куткаруучулар жеткенге чийин жабыркагандар "Тез жардам" кызматы аркылуу ооруканага жеткирилди. Тилекке каршы, 2003-жылы туулган Н.М. жана 2005-жылы туулган А. уулу А. ооруканада каза болду", - дешти маалымат кызматынан.

Жерине 4 куткаруучу тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан