Бир нече сааттан кийин Бишкектеги Спорт Ордосунда "Супер концерт-2012" башталат. Концерттин жүрүшүнөн SUPER.KG порталы маалымат берип турмакчы

Бүгүн Бишкектеги Спорт Ордосунда “Супер-Инфо” гезитинин салтка айланган жылдын мыктыларын аныктоочу салтанаттуу 2 күндүк “Супер концерт-2012” башталат. Айта кетсек, быйылкы концерт гезиттин 10 жылдыгына карата уюуштурулуп жатат. Бүгүн жана эртең концерттин жүрүшүнөн SUPER.KG порталынын "Соңку кабарлар" бөлүмү кабардар кылып турмакчы. Андыктан маданият, шоу-бизнес, спорт тармагында жалпы 13 номинация боюнча жана “Супер сулуу-2012” сулуулар сынагында ким жеңип чыкканын биринчи болуп биздин порталдан биле аласыздар. Эске салсак, концерт 18:30да башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан