2023-жылкы Азия Кубогунун тандоо турун өткөрө турган өлкөлөрдүн арасына Кыргыз өлкөсү дагы кирди. Мындай маалыматты Кыргыз футболдук союзунан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, Азия футбол конфедерациясы мелдешти өткөрүүчү алты өлкөнү бекиткен. Алар: Индия, Кувейт, Кыргыз өлкөсү, Малайзия, Монголия жана Өзбекстан. Тандоо турунун беттештери 8, 11 жана 14-июнь күндөрү өткөрүлөт.
"Финалдык бөлүктөгү 11 бош орунга жайгашуу үчүн 24 команда ат салышат. Алар чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча, 4 командадан 6 тайпага бөлүнүшөт. Алты тайпанын жеңүүчүлөрү жана эң мыкты 5 команда финалдык турга чыгат", - деп билдиришти КФСден.⠀
Буга чейин Катар, Япония, Иран, Түштүк Корея, Оман, Вьетнам, БАЭ, Сауд Арабия, Ливан, Ирак, Сирия, Австралия жана Кытай курама командалары 2023-жылкы Азия Кубогунун финалдык баскычына жолдомо алышкан.
Чүчү кулак таштоо аземи 24-февралда болот. Чүчү кулактын жыйынтыгы менен гана Бишкекте кайсы командалар оюн өткөрөрү аныкталат.