Бишкекте эки Mercedes-Benz Sprinter унаасы толугу менен өрттөнүп кетти (фото)

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда эки Mercedes-Benz Sprinter унаасы толугу менен өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Октябрь районуна караштуу Кара-Жыгач конушунун Кожояр көчөсүндө жайгашкан короодо турган эки Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаалары толугу менен күйгөн жана өрт жыгач устундуу темир менен жабылган турак үйдүн чатырына өтүп, 8 чарчы метр аянт өрттөнгөн", - деп билдиришти ӨКМдан.
Өрттөн жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан