Орусиянын борбору Москва шаарында мигранттар медициналык кароодон өтүү үчүн таң эртеден түн бир оокумга чейин кезекке турууга аргасыз болууда. Бул тууралуу Нурайым Идрисова аттуу социалдык тармактын колдонуучусу жазып чыкты.
"Кыргыз, Өзбек, Тажик жарандары кайрадан документ жасатып жатышат. 5680-болуп кезекке туруп, таң аткандан кеч киргенге чейин күтүп отурушат экен. Муну мигрант гана жон териси менен сезип, канчалык көйгөй жаратканын билбесе, элчилик, бийлик муну билбейт окшойт", - деп жазды ал.
Белгилей кетсек, 2022-жылы Орусияда бардык чет элдик жарандар үчүн милдеттүү медициналык текшерүү киргизилген. Орусиядагы чет элдик жарандар ар бир үч ай сайын медициналык
кароодон өтүшү керек.