Чүйдүн Сокулук районунда мал уурдоого шектүүлөр аныкталып, кармалды. Облустук ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, шектүүлөр 190 миң сом зыян келтиришкен.
Башкармалыктан кабарлашкандай, 12-февралда Сокулук РИИБине жергиликтүү тургун кайрылган. Анда 1 баш уй жана 2 баш торпогун белгисиз адамдар уурдап кеткенин билдирген. Келтирилген чыгым 190 000 сомду түзөт.
Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 205-берене (уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.
"Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, кылмышка шектелип 1990-жылы туулган А.Я. жана 1996-жылы туулган А.Р. кармалды. Алар уурдалган малды Ысык-Көл облусуна алып барып, базардан башка адамга сатып жиберишкен. Шектүүлөрдүн бири Ысык-Көлдөн кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Экинчиси Чүйдөн кармалды.
Уурдалган мал табылып, ээсине кайтарылды. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда", - дешти мекемеден.