Чүй облусунун Ысык-Ата районунда эркек киши өспүрүм кызга сексуалдык мүнөздөгү иш-аракетин көрсөттү. Мындай арыз менен кыздын апасы милиция кызматкерлерине кайрылган дешет Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан.
Башкармалыктын маалыматына ылайык, Ысык-Ата районунда Hyundai Porter унаасынын айдоочусу терезени ачып, 17 жаштагы кызга жыныстык мүчөсүн көрсөткөн. Мындан улам жабырлануучунун апасы жардам сурап милицияга арыз менен барган.
"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталды. Милиция кызматкерлери шектүүнүн аты-жөнүн аныкташып, кармашты. Ал эми унаа айып короосуна токтотулду. Учурда бул окуя боюнча тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө", - дешет мекемеден.