Бүгүн, 17-февралда Бишкектеги "Газпром-балдарга" спорт комплексинде "CAFA U-17 Futsal Championship" турнирин үчүнчү күндүк беттештери өтөт.
Бүгүнкү оюнда Кыргыз курамасы турнирде фаворит болгон Иран курамасына каршы беттешет. Бул оюн саат 19:00дө башталат.
13-февралда Кыргыз курамасы ушул турнирдин алкагында Ооганстанга 3:5 эсебинде жеңилип калса, 15-февралда Өзбекстанды 9:3 эсебинде жеңип алган.