Жаңгак, кийим-кече, тиричилик буюмдары, мал... Жалал-Абадда 8 уурулук фактысынын бети ачылды

Жалал-Абадда уурулукка шектелип 3 жаран кармалды. Алар жалпысынан 600 миң сом зыян келтиришкен дешет облустук ички иштер башкармалыгынан.
Башкармалыктын маалыматы боюнча, Сузак РИИБине 8 жаран арыз менен кайрылган. Алар короосунан малын, үйлөрүнөн сыналгы, ноутбук, кол саат, мүшөктөлгөн жаңгак, үй тиричилик жана зер буюмдарын, кийим-кечелерин, дүкөндөрүнөн акча жана товарларын белгисиз адамдар уурдап кетишкендигин билдиришкен. Жалпысынан жабырлануучулар 600 миң сомдун тегерегинде материалдык зыянга учурашкан.
Жогорудагы фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 205-берене (уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери ачылган.
"Ууру" аталышындагы 2 күндүк рейдде жогорудагы кылмыш иштеринин бети ачылды. Милиция кызматкерлери тарабынан шектүү катары Жалал-Абад шаарынын 1996-жылы туулган тургуну Б.Н., Сузак районунун тургундары 1994-жылы туулган Т.С. жана 2004-жылы туулган Р.Б. кармалды.
Учурда шектүүлөрдүн кылмышка тиешеси бар шериктерин табуу жана алардын башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экенин аныктоо иштери жүргүзүлүүдө", - дешти маалымат кызматынан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан