
Биринчи Май РИИБинин 5-шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкери пара менен кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан тергелип жаткан иштин алкагында У.Э. аттуу жаранды кылмыш жоопкерчилигине тартабыз деген коркутуу жолу менен милиция кызматкерлери акча каражатын талап кылышкан.
Аталган милиция кызматкерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси “пара талап кылуу” менен айыбы угузулуп, Биринчи Май райондук соту эки айга камакка алды.
Ошол эле бөлүмдүн дагы бир кызматкери, тергөөчү Б.К. шектүү катары кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.