Эл аралык коньки тебүү союзу (ISU) эгер орусиялык 15 жаштагы спортчу Камила Валиева Пекинде өтүп жаткан Олимпиадада көркөм муз тебүү боюнча дүйнөлүк рекордду жаңылай турган болсо, муну карап чыгат. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
"Эгерде Валиева дүйнөлүк рекордду жаңылай турган болсо, анын көрсөткүчү кайра каралат", - деген Эл аралык коньки тебүү союзундагы булактар.
Азыркы учурда аялдардын жекелик таймашында дүйнөлүк үч рекорд тең Валиевага таандык. Алар: кыска программада - 90,45 упай, эркин программада - 185,29 упай, эки прокаттын жыйынтыгы боюнча 272,71 упай.
2022-жылкы Олимпиаданын кыска программасында Камила Валиева эң жакшы жыйынтыкты көрсөттү (82,16 упай). Аялдардын эркин программасы бүгүн, 17-февралда көрсөтүлөт.
Эске салсак, буга чейин Камила Валиеванын допинг-тести күмөндүү болуп чыкканы тууралуу маалымат чыккан. Ал эми 14-февралда Спорт арбитраждык соту Камила Валиеванын Олимпиададагы жүрүшүн улантууга уруксат берген. Кийинчерээк Эл аралык Олимпиада комитети Камила Валиеванын денесине допинг чоң атасы колдонгон азык-түлүк аркылуу киргендигин билдирген.