Өлкөдөгү көпчүлүк медициналык окуу жайлар акча алып эле студенттерди окутпагандыктан 17 медициналык окуу жай жабылат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Министрдин айтымында өлкөдөгү айрым жеке менчик медициналык окуу жайлар татыктуу билим бербегендиктен Кыргыз өлкөсү кара тизмеге кирип жатат.
"Биздин кээ бир окуу жайларыбызды Пакистан кара тизмеге киргизген. Себиби бизде окуп кеткен индиялыктар, пакистандыктар өздөрүнүн өлкөсүнө барып экзамен тапшырганда эч кимиси өтпөй калган. Алар баш каякта десе бутту көрсөтүшкөн да. Окубаса башты каяктан табат алар? Эмне үчүн дегенде биздин өлкөбүздөгү жеке менчик медициналык окуу жайлар окутпайт. Акча алып эле жүрө беришет. Ошон үчүн алар бизди кара тизмеге киргизип жатат.
Биз сүйлөшүп жатып өлкөдөгү төрт окуу жайды кара тизмеден чыгардык. Биздин өлкөдөн барган дипломдорду жаратышпайт экен.
Экинчиден, кээ бир медициналык окуу жайлар даярдап жаткан дарыгерлер өлкөбүздө калат. 10-15 жылдан кийин алар бизди, сен экөөбүздү дарылайт. Аналгин кана десең цитрамонду көрсөтүшөт. Анан экөөбүз айыга албай ооруп өлөбүз. Ал эми акчасы бар олигархтар билет, алар бул жактан дарыланбай АКШ, Германия жана башка жактан дарыланат. Ошон үчүн күйүп, акча алып эле окутпаган медициналык окуу жайларды жаптырып жатам", - деди Бейшеналиев.