Лейлекте эки күн ичинде үч уурулуктун бети ачылды

Лейлекте эки күн ичинде 3 уурулуктун бети ачылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Лейлек районунун аймагында 15-16-февраль күндөрү "Ууру" иш-чарасы өткөрүлдү. Бул иш-чарага Лейлек РИИБинин кызматкерлери менен биргеликте жергиликтүү 8 жаран катышып, топторго бөлүнүп иш алып барышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө жергиликтүү тургундарга коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарды аныктоо боюнча иштер жүргүзүлдү.

Ошондой эле мурда катталып, бети ачылбай калган кылмыштар боюнча ыкчам иш-аракеттер уюштурулуп, жыйынтыгында 3 уурулуктун бети ачылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан