SUPER.KG порталы ар бир кесиптин ээлеринин иш учурундагы башынан өткөргөн, өмүр бою эсинен кетпей турган окуяларын баяндоону улантат. Бул жолу 23-февралга карата өзүнүн кызыктуу баянын милициянын майору, Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБинин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкери Ренат Мураталиев айтып берди.

"Мен 1983-жылы Панфилов районунун Чалдабар айылында туулгам. Мектепти аяктагандан кийин ИИМдин академиясында билим алдым. 2004-жылдан бери Ички иштер органдарында кызмат өтөп келем. 2018-жылдан бери Биринчи май РИИБинде кызмат өтөйм. Аймактык тескөөчүмүн. 4 балам бар. Өз кесибим менен сыймыктанам. Биздин милдет элге убагында жардам берүү болуп саналат. Бул кесип менин балалыгымдан берки кыялым.

Биздин жумушта көп кызыктуу окуялар болот. 2018-жылы тейлеген аймакта кесиптешим экөөбүз профилактика кылып жүргөн учурда болжол менен саат 21:00 чамасында 10 чакты бала бир баланы ур-токмокко алып жатышыптыр. Биз аларды байкап калып мушташты токтотууга жана токмоктолуп жаткан баланы сактап калууга чуркап жөнөдүк. Биздин баратканыбызды көргөн балдар туш тарапка качышты. Кесиптешим экөөбүз аларды кубалап жөнөдүк. Бирок 10 баланын ичинен кууп жүрүп экөөнү кармап келип тергөө бөлүмүнө өткөрүп бердик. Биз өз убагында байкабаганда алар баланы өлтүрүп коюшмак. Токмок жеген баланын денесине оор залакат келтиришкен.
2018-жылы Биринчи Май районунда "уурулук" аттуу рейд учурунда кесиптештерим менен микрокредиттик компаниянын алдында токтоп турган унаада отурган 5 баланы текшерүү үчүн милиция аймактык пунктуна алып келдик. Ал жерден жигиттер 5-6 күн мурун бир фирманын сейфин уурдаганы аныкталды. Сейфтин ичинде 1 миллион сомдон ашык акча болгон экен. Ал күнү башка микрокредиттик компанияны тоноону пландап жатышкан экен.

2009-жылы Панфилов районунда өспүрүмдөр инспектору болуп эмгектенчүмүн. Ошол учурда 9-класста окуган бир тентек бала бар эле, ал 11-класска чейин профилактикалык каттоодо турду. 2018-жылы Бишкек шаарындагы Биринчи Май РИИБине которулуп келсем, ал бала ушул райондо кызмат өтөп жатыптыр. Экөөбүз жолукканда мени көрүп сүйүнүп, акыбалымды сурап, мага ыразычылыгын билдирди. Ал мага "сиз убагында бизге жакшы тарбия берип, акыл-насаат айткансыз. Сиздин кылган ишиңиз мен үчүн чоң", - деди. Азыркы тапта бир бөлүмдө кызмат кылып жүрөбүз.
2020-жылы пандемия учурунда тейлеген административдик аймакта кесиптешим экөөбүз кыдырып жүрсөк, дүкөндүн алдында 75 жаштагы апа кайыр сурап отуруптур. Биз апага азыр көчөгө чыкканга болбойт деп түшүндүрүп, үйүнө жеткирдик. Апа "кызымдын 5 баласы бар, жолдошу таштап кеткен. Кызым иштейин десе 2 айлык баласы бар, аны менен үйдө отурат" деп ыйлады. Үйүнө киргенде жашоо-шартын көрдүк, бир үзүм нан жок экен. Бул үй-бүлөнү көрүп ыйлагым келди. Жанымда 1000 сом бар болчу, ошол акчамды 5 баланын энесине бердим. Кесиптешимдин жанында 550 сом бар экен, аны кошуп берди", - деди ал.
