Кадамжайда атайын иш-чаранын алкагында 87 адамга айып салынды

Кадамжайда "Режим" иш-чарасы өткөрүлүп, 87 жаранга протокол толтурулду. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун аймагында 16-17-февраль күндөрү "Режим" иш-чарасы өткөрүлүп, район аймагында жайгашкан "Халмион", "Торговый", "Кадамжай" базарлары жана Айдаркен, Кадамжай автобекеттери текшерилди. Мындан сырткары көп кабаттуу үйлөр, алардын жер төлөлөрү, чатырлары көзөмөлдөн өткөрүлдү.

Район аймагындагы 1598 жаранды камтыган 578 кожолук үй текшерилип, аларга үй-мүлктөрүн, мал-жандыктарын сак кароого, үй-бүлөлүк зомбулуктарды болтурбоого эскертүүлөр берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чаранын жыйынтыгында коомдук жайларда спирт ичимдигин ичип жүргөн - 4, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук жасаган - 1, автоунаасын мас абалында башкарган - 3, жол эрежесин бузуп автоунаа башкарган - 79 жаран аныкталып, аларга Укук бузуулар кодексинин негизинде протоколдор толтурулуп, айып пулдар салынды.

Бул иш-чаранын максаты коомдук коопсуздукту сактоо болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ernisbii
2022-02-17 17:52:23
Штраф + коомдук иштерге тартыш керек, тазалыкка кошуп иштетиш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан