Ошто эки унаа бетме-бет кагышып, 2 өспүрүм көз жумду

Бишкек-Ош жолунда жол кырсыгынан 2 адам каза болуп, 2 адам жаракат алды. Бул тууралуу Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 16-февралда саат 22:30 чамасында Бишкек-Ош жолунун 661-чакырымында, тактап айтканда Кара-Суу районунун Шарк айылында болгон. Анда 19 жаштагы Б.М. аттуу айдоочу ВАЗ-2106 унаасы менен бара жатып, ВОЛЬВО-500 жүк ташуучу унаасын оозуп өтүүгө аракет кылып каршы тилкедеги Нива-2121 унаасы менен кагылышкан.

Натыйжада ВАЗ-2106 унаасынын айдоочусу 19 жаштагы Б.М. жана унаада жүргүнчү катары бара жаткан 17 жаштагы иниси оор жаракат алып, Ош облустук ооруканасында каза болгон. Ал эми унаада жүргүнчү катары бара жаткан 16 жаштагы дагы бир өспүрүм оор жараат алып Ош облустук ооруканасына жеткирилген. Нива-2121 унаасынын айдоочусу дагы жаракат алып Ош облустук ооруканасына жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
BISHKEK-312
2022-02-17 18:27:19
Алар өспүрүм эмес уже 19, 17 жашта болсо!!!
+2
MAKALAK
2022-02-17 20:55:28
BISHKEK-312,16 17 деп турат козун игишип атабы
0
KaGaH
2022-02-17 22:58:53
19 жаштагы айдоочунун унаасына мен отурбайт болчумун! Кыргызстанда кантип айдоочулук күбөлүк беришин жакшы билебиз,андан көрө союздун учурунда машина айдап жүргөн аксакал таксистке отурмакмын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан