Уюлдук телефон уурдады деп шектелип кармалган 23 жаштагы кыз тергөө иштери бүткөнгө чейин камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 23 жаштагы Н.Н. аттуу шектүүнүн баш коргоо чарасы 11-февралда Биринчи Май райондук сотунда каралган. Анын жыйынтыгында сот аны 22-февралга чейин СИЗО-1ге камакка алуу чечимин чыгарган.
Белгилей кетсек, буга чейин 23 жаштагы кыз iPhone 12 Pro Max үлгүсүндөгү телефон уурдады деп кармалган.