Болгарияда өтүп жаткан турнирде кыргыз балбаны финалга чыкты

Болгариянын Велико-Тырново шаарында "Dan Kolov - Nikola Petrov" эл аралык турниринде кыргыз балбаны Балбай Дордоков финалга чыкты.

55 килограмм салмакка чейинкилер арасында ал жарым финалда алжирлик балбан менен кез келип, 6:4 эсебинде жеңип, финалга чыкты. Финалда Балбай Дордоков румыниялык Денис Флорин аттуу балбан менен кез келет.

Финалдык беттештер бүгүн, 18-февралда Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан