Ош облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 17-февралда саат 7:32де Ош облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Алай районунун Бор-Дөбө айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.