EFC: Бүгүн беттешке чыга турган Бусурманкул Абдибаит уулу ооруканага түштү

Хабиб Нурмагомедовдун уюму аталган EFC'нин жеңил салмактагы чемпиону, кыргыз мушкери Бусурманкул Абдибаит уулу ден соолугуна байланыштуу ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу анын машыктыруучусу Кенжебек Чекиров билдирди.

"Беттешке даярдык атаандаш алмашканына карабай толук кандуу жакшы өткөн. Бирок салмакты түшүрүү убагында таңга маал ден соолугунун оордоп кетишине байланыштуу "Тез жардам" чакырууга мажбур болдук. Бусурманкулду ооруканага жаткырууга мажбур болдук. Терс пикирден алыс болуп, мушкерибизди колдоп койгула", - деди Чекиров.

Беттешке буга чейин кызуу даярданып жаткан Бусурманкул Абдибаит уулу алгач казакстандык Жасулан Акимжан аттуу мушкер менен кез келмек. Бирок ал жаракат алып калганын айтып, беттешүүдөн баш тарткан. Анын ордуна кыргыз мушкери менен орусиялык Расул Магомедов аттуу мушкер беттешмей болгон.

Эки мушкердин беттеши бүгүн, 18-февраль күнү Москвадагы "Крокус Экспо" спорт ордосунда өтмөк.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Tursunbaev1978
2022-02-18 11:59:29
Жакшы болуп кетсин
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан