Бишкекте уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15-февралда болжол менен саат 18:40 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына Юнусалиев көчөсүндө жайгашкан “Бета Сторес” соода борборунун жанынан 11 200 сомун уурдаттым деп 1991-жылы туулган А.Э. аттуу жаран кайрылган.
Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмышка шектүү катары 1989-жылы туулган Д.А. аттуу жаранды аныктап, Октябрь РИИБинин Тергөө кызматына өткөрүп беришти. Бул факты Октябрь РИИБи тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 205-берененин негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.