Ош облусунда опузалап акча талап кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош облусунун Араван районунун жашоочусу 41 жаштагы Ж.М. аттуу жаран 11-январда арыз менен кайрылган. Анда ал ага тааныш болбогон З.И. аттуу жаран өзүнүн шериктери менен бирге эч себепсиз коркутууларды жасап, опузалап 8 миң доллар акча каражатын талап кылып жаткандыгын билдирген.
Бул факты 11-январда Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 208-берененин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган. Ош ОИИБинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттеринин жүрүшүндө, 16-февралда Кара-Суу районунун тургуну, 47 жаштагы бир нече жолу соттолгон З.И. аттуу жаран кармалып, Араван РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.