Бишкекте 20 жаштагы жаран баңгизат колдонууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 16-февралда Октябрь РИИБине М.А. аттуу жаран баңги затын колдонот жана сактайт деген маалымат келип түшкөн. Бул факты Октябрь РИИБине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун кылмыш жоопкерчилигине тартуу максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголду.
Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Октябрь РИИБинин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган М.А. кармалды. Тинтүү учурунда жанынан сары түстөгү 5 баштыкка салынган көк түстөгү порошок заты табылып, тергөө кызматына өткөрүп берилди.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында, соттук-химиялык экспертиза дайындалып, алынган тергөө актысы боюнча изилдөөгө берилген заттар психотроптук затты камтыган аралашма болуп саналат. Буга байланыштуу Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.