Башкы прокуратура: "Электр тармактары ишканасынын кызматкери пара менен кармалды"

Электр тармактары ишканасынын кызматкери пара менен кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Өзгөн районунун Кара-Дыйкан айылынын тургуну Н.С. райондук прокуратурага арыз менен кайрылып, анда райондук электр тармактары ишканасынын (РЭС) кызматкерлери электр энергиясын пайдалануу эрежелерин бузгандыгы үчүн негизсиз акт түзүшүп, укук бузуу боюнча жазадан бошотуу үчүн пара талап кылып жатышкандыгын билдирген. Жыйынтыгында райондук электр тармактары ишканасынын кызматкери Р.А. арыз ээси Н.С. аттуу жарандан опузалап талап кылган акча каражатын алып жаткан жеринен кармалып, Өзгөн райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул факты боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (опузалап пара алуу) менен кылмыш иш козголгон.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан