Пекинде өтүп жаткан кышкы Олимпиада оюндарында көркөм муз тебүү боюнча кыз-келиндер арасында күмүш медалга ээ болгон орусиялык көркөм муз тебүүчү Александра Трусова акыркы жыйынтыктар жарыялангандан кийин трибуна астындагы бөлмөдө ыйлап жиберди. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.
"Мен баарын жек көрөм! Мен бул спортту жек көрөм! Мен эми эч качан муз үстүнө чыкпайм. Эч качан! Бул мүмкүн эмес, мүмкүн эмес! Бардыгында алтын медаль бар, менде жок. Эми эч качан", - деп көзүнө жаш алган Трусова.
Кийинчерээк маалымат жыйынында Трусова эмоциясын түшүндүргөн: "Мен ал учурда жөн гана ыйлагым келди. Мен үч жумадан бери апамсыз, итимсиз жүрөм".
Ал эмоциясы менен карьерасын жыйынтыктай турганын айтып алганын, Дүйнө чемпиондугуна катышуу чечимин кабыл алгандыгын билдирген.
Кечээ, 17-февралда 17 жаштагы Александра Трусова Пекин Олимпиадасында көркөм муз тебүү боюнча кыз-келиндер арасында эки программа боюнча 251,73 упай топтоп, күмүш медаль тагынган.