Буга чейин журналист, жарандык активист Семетей Талас уулун күч органдарынын кызматкерлери кармап кеткени кабарланган. Бирок анын кармалышынын себеби айтылган эмес.
Өлкөнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен Семетей Талас уулунун кармалганын тастыктап, себебин айтты.
"Экстремисттик материалдарды жайылтуу" беренеси менен ачылган кылмыш ишинин алкагында бүгүн, 18-февралда Семетей Талас уулу кармалып, УКМКга жеткирилди. Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат", - дешти комитеттен.