Жалпы 101 миң сом жана 40 килограмм эт уурдалган. Ысык-Көлдө уурулукка шектелип 32 жаштагы жаран кармалды

Ысык-Көлдө бир нече жолу уурулук кылган деген шек менен Чүй облусунун тургуну кармалды. Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматынан кармалган жаран жалпы 100 миң сомдон ашык зыян келтирген.

Башкармалыктын маалыматына ылайык, 2021-жылдын 7-декабрында Каракол ШИИБине жергиликтүү тургун жардам сурап кайрылган. Арыздануучу үйүнөн 50 миң сом акча каражатын жана 40 килограмм этин уурдап кеткендерге карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Ошол эле күнү шаардык милицияга дагы бир жаран кайрылып, белгисиз адамдар үйүнүн терезеси аркылуу киришип, 51 миң сом акча каражатын уурдап кеткендигин кабарлаган.

Бул фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 205-берене (уурдоо) менен катталып, сотко чейинки тергөө башталган.

"Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө иштеринин натыйжасында, шектүү катары Чүй облусунун 32 жаштагы тургуну С.Н. кармалып, тергөө кызматына өткөрүлдү. Тергөө кызматы тарабынан шектүүнүн башка кылмыштарга тиешеси бар же жогу текшерилүүдө", - дешет маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан