Таласта өгөй атасы зордуктаганы айтылган 13 жашар кыз оор абалда ооруканага түшкөн. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 26 жумалык боюнда бар 13 жашар кыз Талас облустук ооруканага 16-февралда түшкөн. Кыздан деменциянын оор түрү аныкталып жана кичине кезинен эле талманын (эпилепсиянын) оор түрүнө чалдыкканы белгилүү болду.
Учурда бейтап облустук оорукананын гинекологиялык бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө.