Таласта уурулук менен алектенген адамдар кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Талас облусунун аймагында кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан эки күн катары менен "Уурулук" аталышындагы рейд өткөн. Анын алкагында 3 уурулуктун фактысы катталган.
"Талас РИИБине райондун ар кайсы айылдарынан арыз билдирүүлөр келип түшкөн. Анда Кара-Ой айылында мал короодон эки баш кой белгисиз адамдар тарабынан уурдалган. Кум-Арык айылында мал короодон бир баш кой жана Манас айылында эки даана жүк ташуучу унаага тиешелүү аккумулятор уурдалган. Аталган фактылар Талас РИИБинде Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголгон. Ошондой эле катталган кылмыштардын бардыгы 6-февраль түнү болгондугу аныкталган", - деп жазылат маалыматта.
Ал эми кылмышка шектүүлөр Манас районунун Покровка айылынын тургундары 1997-жылы туулган М.А, 2001-жылы туулган К.Э, 1997-жылы туулган М.А жана 2002-жылы туулган К.А, аттуу жаран экени аныкталган. Учурда тергөө амалдары жүрүп, кармалгандардын бирөөсү М.А. Талас ОИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ал эми калган үчөө үй камагында экени айтылат.