Бишкек шаарынын вице-мэри коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын вице-мэри А.У. өкмөттүн аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы болуп кызмат өтөп турганда, менчик компаниянын кызыкчылыгын көздөө максатында коррупциялык схеманы уюштурган.
"Тендердик мыйзамдардын талаптары жана курулуш нормалары бузулуп, натыйжада объектини жасалма ишке киргизүү жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында мамлекеттик бюджетке 10,8 миллион сомдук зыян келтирилген. Азыркы учурда Бишкек шаарынын вице-мэри А.У. жана башка кылмышка шектүүлөр УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери улантылууда", - деп жазылат маалыматта.
Өздүк булактардын кабарлашынча, бул адам Бишкектин вице-мэри Азат Узаков.