Кара-Суу районунда адам өлүмүнө шектелген 33 жаштагы Н.З. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 13-февралда Кара-Суу РИИБине райондук ооруканадан 1972-жылы туулган А.А. аттуу адам учтуу нерседен жараат алып каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.
Алдын ала маалыматтар боюнча, 13-февралда Кара-Суу районунда жайгашкан дүкөндөрдүн биринде Н.З. жана А.А. аттуу адамдар спирт ичимдиктерин ичип, сөз талашып уруша кеткен. Андан соң Н.З. шеригин бычак менен сайып жиберген.
"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 122-берене менен сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Шектүү Кара-Суу РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда", - деп айтылат маалыматта.