Кримтөбөл "Женгонун" кылмыштуу тобунун мүчөлөрү ишкерлерден опузалап акча алып жаткан жеринен кармалды

Пара талап кылуу фактысы боюнча уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кылмышка шектүүлөр Ош облусунун Кара-Суу районундагы жеке ишкерлерден коркутуу жолу менен акча талап кылышкан. Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап пара талап кылуу) боюнча каралган кылмыш ишинин материалдарынын алкагында "Женго" каймана аттуу Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү 1993-жылы туулган А.у.Э. жана 1992-жылы туулган Р.Э.Р. кармалган.

"Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагында А.А.И. аттуу адамдан акча алып жаткан жеринен кармалды.

Алар УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда уюшкан кылмыштуу топтун мыйзамсыз иштерине тиешеси бар башка фактыларды жана башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү тергөө ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Antiradikal10
2022-02-19 18:51:52
Бийликтин криминал менен курошунун "жемиши" бул...

Паланчаны кармадык, тукунчону кармадык деп хайп кылышып, артынан чекеден баарын кое берди бийлик. Анан криминал ооздукталмак беле?

Эгер Кытайда бул криминалдар болгондо давно атууга кетишмек......
+6
Fernando_Torres
2022-02-19 20:20:43
Antiradikal10,сени кармаш керек сага Караганда онолор адал сени запись кылып атам полный жазганыны откоруп берем
-9
Antiradikal10
2022-02-19 21:59:35
Fernando_Torres, дин бузар! Мага десе азыр алып бар. Жапаровдун озуно алып бар колундан келсе!
+10
futboler
2022-02-19 19:37:11
Атып салыш керек мындай эшектерди.
+9
rysik79
2022-02-19 21:06:44
Нариманда жашаган акчасы көп кутурган өзбек туугандар да жамандар болсо баягы эле өзүбүздүкүлөр
-1
KaGaH
2022-02-19 22:22:56
Туугандарды катуурак кармаш керек, ыраматылык Баяман жакшы караган Ошту
+11
ruslanz
2022-02-20 09:11:50
Акыркы жылдары маал маалы менен ушундай жанылык чыгып турат да Женго кармалды, Женго бошотулду. Бошотпош керек, кайра эле кылмыш кылат, булар катардагы адамдардай болуп эмгек кылып нанга акча тапканды билбейт. Элестеткиле Женго картошка остуруп атат, же базарда соода кылып атат дегенди.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан