"Жалбыздын" алгачкы сериялары Стамбулда көрсөтүлөт

Стамбулда акын, драматург, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Жеңишгүл Өзүбекованын чыгармачылык жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу Жеңишкүл Өзүбекова SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка ылайык, 25-февралда саат 16:00дө Стамбулдагы “Топкапы” түрк дүйнөсүнүн маданий борборунда Жеңишгүл Өзүбекованын чыгармачылык жолугушуусу өтөт. Кече кыргыз элинин улуттук дөөлөтү болгон заманбап чоң боз үйдүн ичинде жагымдуу музыка, элдик ыр-күүлөрдүн коштоосунда өтөт.
Жеңишгүл Өзүбекова катышып, өзүнүн өмүр таржымалы, чыгармачылык жолу, ырлардын жаралуу себептери жөнүндө да кеңири баяндап берет. “Сыңар сөйкө” аттуу соңку ырлар жыйнагынан ар кыл тематикадагы тандалган ырлар окулат. Андан сырткары жаңы тартылган “Жалбыз” (36 сериянын 12 сериясы даяр) аттуу курч сюжеттүү телесериалдын бет ачаар аземи болот.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Marni
2022-02-21 02:24:04
90-жылдары тартылган сериалдарга окшогон сериал. Скучный и примитивный. Бир сериясын араң көргөм.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан