Нарын облусунун Жумгал районунун Жаңы-Арык айылында Айып Идинов атындагы орто мектептин жаңы курулган имараты пайдаланууга берилди.
Бул тууралуу Жумгал райондук администрациянын кызматкери Фатима Өмүралиева SUPER.KG порталына билдирди.
"Мектептин жаңы имаратын курууга 2019-жылдын октябрь айында Сауд өнүктүрүү фондунан 66 миллион сом бөлүнгөн. 225 окуучуга ылайыкташтырылган заманбап мектеп имараты курулду. Мектепте 12 класс бар. Андан сырткары усулканасы, китепканасы, жыйындар залы, спорт залы, ашканасы бар. Ачылыш аземге президенттин Нарын облусундагы өкүлү Сабыркул Ашимбаев, Сауд өнүктүрүү фондунун өкүлү Баян Жамил Абдалла Махмуд, Жумгал районунун акими Жамшит Матанбаев катышты", - деди ал.