ПОЭТЕРАПИЯ: "Токточу өмүр жолукпайм го кайрадан, балалыкты бир алайын кучактап..."

SUPER.KG порталынын "Поэтерапия" рубрикасынын бул жолку каарманы Жанбулат Жумабеков.

Жаш акын Жанбулат Жумабеков 2001-жылы Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Суусамыр өрөөнүндө жарык дүйнөгө келген. Орто мектепти аяктаган соң борбор калаадагы Кыргыз-Түрк "Манас" университетине тапшырган. Бала кезинен журналист жана кинорежиссёр болууну кыялданган каарманыбыз Коммуникация факультетинин радио, телевидение жана кино искусствосу бөлүмүн тандап алган. Учурда аталган университетте 2-курста билим алып жаткан маалы.

Мектепте окуп жүргөндө 10-классымдан баштап ыр жаза баштагам. Өзүм кичинекей кезимден эле ыр жазууга абдан кызыкчумун. Белгилүү акындардын ырларын дептерге көчүрүп жазып, бир топтом кылганды абдан жакшы көрөр элем. Анан ал ырларды жаттап алып айтып жүрө берчү элем. Азыр дагы жакшы ыр көрсөм жатка жаттап алмайынча кетирбейм.

Жомоктордун эң жакшысы балачак

Жакшы учур бар жашообузду карасак,
Жакшы сөздүн нечен түрү жарашат.
Жашообузда башыбыздан өткөргөн,
Жомоктордун эң жакшысы балачак.

Көтөрүлүп көккө жетип үнүбүз,
Көчө болчу көп бөлмөлүү үйүбүз.
Аңдабаган бул жашоонун сырларын,
Аруу, таза, тунук болчу дилибиз.

Жүрчү элек жолдош кылып күлкүнү,
Жан дүйнөгө жаап сезим бүртүгү.
Оюн деген бир укмуштуу күч эле,
Ойлондуруп уктатпаган күн-түнү.

Бирок чиркин кетүүдөмүн узактап,
Өмүр болсо адатындай учат бат.
Токточу өмүр жолукпайм го кайрадан,
Балалыкты бир алайын кучактап...

Жаратылыш темасын абдан жакшы көрөм. Айланадагы майда кооздуктарды байкап ырга салган абдан жагат. Негизи эле чыгармачыл адам табияттан эргүү алып туруш керек деп коюшат. Тегерекке көз сала жүрсөң эле не бир түркүн, биз байкабаган кооздуктар чыга берет. Аларды ыр кылып жазса андан сонун. Ушул темада ыр жазганды жактырам.

Уктап жатат жер эне

Жайды жайлай түгөнбөгөн эмгеги,
Жайкалган бир таттуу уйкуну сагынып.
Жазга чейин эс алайын дегенсип,
Жер уктады аппак жууркан жамынып.

Жер эненин бул каалоосун билгендей,
Жаркып көңүл бердим буга калыс баа.
Чыр-чыр үнүм эс алуусун бузат деп,
Чымчык-куштар учуп кетти алыска.

Күркүрөнүп капчыгайды жаңыртып,
Күүгө салып черткилеген комузун.
Байкап жердин таттуу уйкуга киргенин,
Басаңдатты суулар дагы добушун.

Кыш суугуна карабастан дарактар,
Көйнөктөрүн чечкенин бар себеби.
Шамал болсо ары-бери чайпалып,
Шуулдашып тынчын алат дегени.

Жаныбарлар, бак-дарактар, чымчыктар,
Жаратылыш, суулар дагы дегеле.
Бүт бардыгы түзүп берген тынчтыкта,
Бей капарлуу уктап жатат жер эне.
Жалпы баары түзүп берген тынчтыкта,
Жай түш көрүп уктап жатат жер эне.

Эргүү ар кандай учурда болот. Сейилдегенде, жалгыз болгондо, бир нерсеге аябай суктанганда жана башка ушул сыяктуу. Бирок көп учурда басып-туруп саптарды ойлонуп, анан аларды ичимде сактап жүрө берем. Бир күнү бышып жетилгенде ыр болуп чыгат. Каалаган учурда атайын отуруп ыр жаза албайсың. Бирөөлөр ыр жазып берчи деп суранышат го. Ал куудулду күлдүрчү мени деп отуруп алгандай кеп болуп калат. Эргүү келгенде ыр өзү чыга келет.

Смайлик

Кээде туруп көңүл ачып күлдүрүп,
Кээде болсо кайгырганын билдирип.
Курал болдуң сүйлөшүүдө эң бир чоң,
Кабагың бар, мүнөзүң кең смайлик.

Көркөмдөлөт сени менен билдирүүм,
Көп адамга жардамың чоң чын бүгүн.
Кээ бирөөлөр сени коюп жинденсе,
Кээ бирлери шылдыңдашат бир-бирин.

Кай бирлери капаланат, ыйлашат,
Кай бирлери каткырышат, жыргашат.
Кайсы бири жөнөкөйүн жиберип,
Кызыктырып арт жагыңа сыр катат.

Мына ушундай мүнөзүң кең билем аны,
Мээнеттенип кызмат кыла бер дагы.
Сени коюп өөп коём кээ кезде,
Сүйгөнүмдү баатырсынып мен дагы.

Жактырган акындарым өтө көп. Улуу муундан, албетте, башкалар сыяктуу эле Алыкул Осмонов, Мидин Алыбаев, Байдылда Сарногоев, Жоомарт Бөкөнбаев сыяктуу акындар. Ал эми азыркылардан Максат Жангазиев, Бердибек Жамгырчиев, Мирлан Алтымыш уулу, Умар Нусубалиев, Акбар Кубанычбеков, Асылбек Асан... Айта берсек абдан көп акындар. Баары бири-бирине окшобойт. Баары сонун. Ал эми жалпы эле акындардын ичинен биринчи орунда Шайлообек Дүйшеевдин ырларын жактырам.

Жалынсыз сүйүү

Өзгөгө колун карматкан сүйүү,
Өкүнүч жолун камдаткан сүйүү.
Керемет жаздын гүлдөрүн ачпай,
Керексиз жерден кар баскан сүйүү.

Маанисиз сезим кураган сүйүү,
Максатсыз кадам улаган сүйүү.
Арзыбас баркын карманып алып,
Аскадан ылдый кулаган сүйүү.

Жабыркап көңүл, азайбай арман,
Жан дүйнөм курат жасалма майрам.
Ашыктык сезим мурунку кездей,
Аскадан ойноп ашалбай калган.

Башканы көрбөй "сен" деткен дүйнөм,
Бакытты колго терметкен дүйнөм.
Кошулуп кайгы көлүнө чөккөн,
Колуңду үзүп сен кеткен күндөн.

Ыймандуу кызга

Сүйүү деп миңдер ыргалып жанат,
Сүйүшөт жаштык жыргалын самап.
Кээ бирлер сүйсө сулуулук үчүн,
Кээ бирөө сүйөт ыйманын карап.

Жашоонун өзүн көрктөгөн түстөй,
Ыйманы бийик өйдөдөн түшпөй.
Жүрөктүн нуру жүзүнөн чыккан,
Чырайлуу кызды көрбөгөм сиздей.

Биз күткөн сезим орнолуп бекем,
Бакытка толуп ортобуз эчен.
Өзүмдү кошо бейишке сүйрөп,
Өмүрлүк жарым болсоңуз экен...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
raikakyz
2022-02-21 00:59:45
Керемет саптар! Смайлике арналган ыр жакты. Азаматсың,калемиң мокобосун иним. Жер эненин уктаган өзгөчө...
0
bosmos77777
2022-02-21 03:40:04
Тенирим жалгасын! Кыргыздын Эне тилин онуктуруп остуро бергиле. Зоор саптар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан