Кыргыз балбаны Акжол Махмудов Болгариянын Велико-Тырново шаарында өткөң "Dan Kolov - Nikola Petrov" эл аралык турнириндеги талаштуу жеңилүүсүнөн кийин билдирүү жасады.
"Жөжөнү күзүндө санайбыз. Баары жакшы болот, баары алдыда. Биз талыкпастан өзүбүздүн жумушту уланта берели. Колдооңуздарга чоң рахмат!", - деп билдирүү жасады Акжол Махмудов.
Болгариядагы турнирде Акжол Махмудов жарым финалга чейин жетип, анда жергиликтүү Айк Мнацаканян аттуу балбан менен кез келген. Күрөш учурунда болгариялык балбан өзүн агрессивдүү көрсөтүп, Акжол Махмудовго карата бир нече ирет эреже бузган. Ал тургай кыргыз калыстары тарабынан ыргытылган челленжди дагы тээп жиберген.
Жыйынтыгында Акжол Махмудов 4:2 эсебинде утулуп, күрөш федерациясы бул боюнча Бириккен күрөш уюмуна даттанган.
Акжол Махмудов Айк Мнацаканян менен алгач былтыр, 2021-жылдын февраль айында Киев шаарында өткөн украиналык көрүнүктүү балбандарды жана машыктыруучуларды эскерүү боюнча эл аралык турнирдин квалификациялык баскычында кез келип, 9:1 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңген.