УКМК тарабынан ПЦР изилдөөлөрдүн жыйынтыгын жасалмалап, электрондук сертификаттарды даярдаган туруктуу канал аныкталды. Коопсуздук комитетинен белгилешкендей, Жалал-Абад шаарындагы "Medicana Plus" диагностикалык лабораториясы QR-коддору менен ПЦР-изилдөөнүн терс жыйынтыгы жөнүндө жасалма электрондук сертификаттарды даярдоо жана таратуу үчүн туруктуу канал түзүп алышкандыгы аныкталды.
"Аталган лабораториянын өкүлдөрү авиакассада иштеген кызмат адамдар менен алдын ала сүйлөшүп алып, чет өлкөлөрдө жүргөн жарандарга жасалма ПЦР-анализдерин сатып жүрүшкөн, ПЦР-тесттин бланкасы 1100 сомдон 1600 сомго чейин болгондугу такталды.
Ковид-19 үчүн ПЦР тесттин жыйынтыгына муктаж болгондор "Medicana Plus" лабораториясынын башкы кеңсесинин кызматкери А.М. аттуу жаранга WhatsАpp мессенджери аркылуу жарандардын паспортторунун көчүрмөлөрүн берип тургандыгы аныкталды.
Ушундай эле схема Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаарында да аныкталды. Аталган лабораториянын жергиликтүү филиалынын медайымы З.С. ПЦР-тесттерин жүргүзүп, "Finca Elsom" төлөм системасынын терминалдары аркылуу "Medicana Plus2 компаниясынын башкы кеңсесине акча каражаттарын которгон.
Учурда бул коррупциялык схеманын бардык жагдайларын жана башка дагы катышкан адамдарды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда", - дешти маалымат кызматынан.