Бишкекте 14 жаштагы кызды зордуктоого шектүү жаран кармалды. Кылмышка милиция кызматкерлеринин катыштыгы бар экени айтылды

Бишкекте 14 жаштагы өспүрүм кызды зордуктоого шектелип 19 жаштагы жаран кармалды. Ошондой эле аталган фактыга 3 милиция кызматкеринин тиешеси бар экендиги да айтылды. Учурда бул боюнча териштирүү жүрүп жатканын Биринчи Май РИИБинин маалымат кызматынан кабарлашат.

Белгилүү болгондой, 18-февралда Биринчи Май РИИБине Н.О. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арыз ээси 16-февраль күнү 21:00 чамасында Кулиев көчөсүндөгү турак үйдөн кызын белгисиз жаран зордуктаганын билдирген.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 154-берене (зордуктоо) менен катталып, тергөө иштери башталган.

"Ыкчам тергөө иштеринин алкагында шектүү катары 2003-жылы туулган М.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Андан тышкары бул кылмышка 3 милиция кызматкеринин тиешеси бар экендиги айтылды. Бул боюнча Бишкек ШИИББинин ички тергөө кызматы текшерүү иштерин баштады. Жыйынтыгы тууралуу кошумча маалымат беребиз. Учурда тергөө иштери улантылып жатат", - дешти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bond02
2022-02-21 12:18:16
Оо бул кочодо эмнелер гана болбойт.
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан